Режиссёр Эрнест Абдыжапаров Перизат аттуу кызын турмушка узатты. Бул тууралуу Эрнест мырза бүгүн, 8-сентябрда SUPER.KG порталына билдирди.
“5 жашка чейин мени апалап чоңойгон, жан боорум болгон, түйшүгүмдү кошо тарткан кызымды турмушка узаттым. Кызым Перизат 22 жашта. Комузда кол ойнотуп, визаж искусствосун жакшы өнүктүргөн, уюштуруу чеберчилиги да мыкты. Ал эми күйөө балам тууралуу айтсам, анын теги Таластан, бирок Бишкекте чоңоюп-өскөн. Эки жаш бир жылдай сүйлөшүштү, мурда эле сөйкө салып, үйгө келип жүргөндүктөн, ага көнүп калганбыз”,- дейт Эрнест Абдыжапаров.