Муса Жангазиев атындагы Куурчак театры 75 жылдыгын белгилейт

Муса Жангазиев атындагы Мамлекеттик куурчак театры быйыл сентябрь айында 75 жылдыгын белгилейт. 14-сентябрда аталган театр өзүнүн 76-сезонун “Капка түшүп кармалдык”, “Мындай болушу мүмкүн эмес!” аттуу спектаклдери менен ачат. Спектакль көрсөтүлгөнгө чейин кичинекей бөбөктөр уюштурулган сынактарга катыша алышат.

Кыргыз мамлекеттик куурчак театры 1939-жылы түзүлгөн. Бул жылдар аралыгында ар кыл авторлордун 400гө жакын чыгармаларын сахнага коюшту. Бүгүнкү күндө театрда 60тан ашык киши эмгектенет. Кыргыз, орус бөлүмдөрүндө 2 чыгармачыл топ бар. Ал жактарда 30 артист иштөөдө. Себеби бизде куурчак менен иштөөнү үйрөткөн атайын окуу жай жок болгондуктан, театрдын артисттеринин көбү өздөрүнүн тубаса талантына таянып образ жаратып келишет. Атайын билими бар саналуу гана артист бар. Алар Алматыдан, Ташкенттен окуп келишкен. Жаңыдан иштеп баштаган таланттуу жигиттер менен кыздарга актёрдук чеберчилик, куурчакты сахнада алып жүрүү манераларын Ж.Эркимбаев, И.Савинкова сыяктуу тажрыйбалуу артисттер үйрөтүшөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан