2014-жылдын октябрь айында Кытай Эл Республикасынын Ланьчжоу провинциясында 3-Эл аралык маданият саммити өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Иш-чаранын максаты - маданият жана туризм жаатындагы кызматташууну талкуулоо. Ага 600-1000 катышуучу келери күтүлүүдө.
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ар кандай бирикмелерди, маданият жана туристтик индустриянын өкүлдөрүн, массалык маалымат каражаттарын аталган иш-чарага катышууга чакырат.
Кытай тарап мекеменин бир өкүлүнүн Ланьчжоу аймагындагы чыгымдарын өзүнө алат. Ал эми авиабилеттер жана каттоо өңдүү чыгымдарды жөнөтүп жаткан тарап өз жоопкерчилигине алат.