11-сентябрда Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде Кытай сүрөтчүлөрүнүн “Кытайдын каллиграфиясы жана живописи” аттуу эмгектеринин көргөзмөсү ачылды.
Көргөзмөгө кытай сүрөтчүлөрү Ван Мин Лян, Чэн Юй Дун, Ли Шао Жундун портреттик живопись, пейзаж живописи, гүлдөр жана канаттуулар жанрындагы 40 эмгек коюлду. Аталган сүрөтчүлөр кыргызстандык студенттерге Кытайдын живописи тууралуу лекция өткөрүшөт.
Көргөзмөнүн максаты - кыргыз элине Кытайдын живописин тааныштыруу. Андан тышкары эки мамлекеттин ортосундагы алаканы бекемдөө. Иш-чара 27-сентябрь - байыркы кытай ойчулу жана философу Конфуцийдин туулган күнүнө жана 1-октябрь Кытайдын түзүлүшүнө арналат.
Кытай каллиграфиясы - бул дүйнөлүк цивилизациянын тарыхындагы укмуштуу жана кайталангыс чыгыш маданиятынын бермети. Образдуу искусство катары аны живопись менен салыштырса болот. Анткени ал формасы жана ар түрдүү стили менен адамга эмоционалдык таасир калтырат. Себеби абстракттуу искусство болгондуктан, аны гармония жана ритмге ээ музыка менен салыштырса болот.
Белгилей кетсек, көргөзмө 14-сентябрга чейин уланат.