Бүгүн, 11-сентябрда Бишкек шаарындагы Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин имаратынын алдында активист Өндүрүш Токтонасыров ырчы Бек Борбиевди "КРнын Эмгек сиңирген артисти" жана "Рыспай Абдыкадыров атындагы сыйлыктын лауреаты" наамдарынан ажыратуу талабы менен акцияга чыкканын SUPER.KG порталына билдирди.
Өндүрүш Токтонасыровдун айтымында, Бек Борбиев Курманбек Бакиевдин мааракесине Беларуска барып ырдап келгендиктен, ал - кылмышкер.
“Чыккынчы айыпталууга тийиш!” деп жазылган плакат менен акцияга чыккан активист: “1-августта Бек Борбиевдин кылмышкер деген атка конгон Курманбек Бакиевдин 65 жылдык юбилейине Беларуска барып ырдап келгени - чыккынчылык. Жеке чакырык менен барганда да ал Кыргыз Республикасынын атынан барды да. Бул - кылмыш. Жоопкерчилик, этика деген кайда? 2010-жылы көтөрүлүштө каза болгон балдардын арбагын сыйлабайбы?! Анын барып ырдап келгенин массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Алар эл үчүн кызмат кылып жаткандыктан, мен ишенем. Эгер алардын билдиргени жалган болсо, маалымат жыйын өткөрүп, айткандарды төгүнгө чыгармак. Андан ардактуу наамдарды алып салсын”,- дейт.
Ошондой эле активист Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен жарытарлык жооп уга албаганына кейип: “Башкаруунун жоктугуна дагы бир ирет ынандым. Башы жок бака, көзү жок көгөн болуп калыптырбыз. Маданият министрлигинен үстүртөдөн "жеке чакырык менен барса барыптыр, мен бул суроого жооптуу эмесмин, билбейм" деген жоопторду уктум. Маданият адамдары, качан туура эмес кадамдарды жасоону токтотобуз?”- деп кошумчалады өз сөзүндө.
Ал эми ырчы Бек Борбиев бул тууралуу: “Мен каякка барып ырдайм, өзүмдүн эрким, эч кимге отчёт берүүгө милдеттүү эмесмин. Мен түрмөлөрдө кылмышкерлердин алдында ырдагам. Өнөр күйөрмандарды тандабайт. Ыр сүйүүчүлөрү өзүлөрү тандашат, кимди угат, кимди укпайт”,- деди.