Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Салбуурун фестивалында кыргыздар куш салуудагы мыкты чеберчиликти көрсөтүштү (фоторепортаж)
Бүгүн, 11-сентябрда Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда Салбуурун фестивалы орун алды. Анда ар аймактан келген мергенчилер, саяпкерлер жана мүнүшкөрлөр көргөзмө оюндарын эл назарына коюшту. Алар ат чаптырып, куш салып, ат жалында баратып жаа атып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Түркиядан келген коноктор элди жаа атуудагы тактыгы менен таң калтырса, кыргыздар куш салуудагы чеберчилиги менен элдин көңүлүн бурдурушту. Кызыгы, бул жерге алынып келинген бүркүттөрдүн ичинде ачка болгондору бар экен. Алардын бири көргөзмө үчүн коё берилген карышкырга кол салып, көзүн чокуганга жетишти. Анын карышып калган тырмактарын көп эл убара тартып жатып араң бошотушту. Андан тышкары бул жерде аба ырайынын суук болгонуна карабай эл активдүүлүгүн көрсөтүп жатат. Ырлар жаңырып, бийлер бийленүүдө. Салбуурун фестивалына күбө болуу үчүн келген элдин катарын Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев толуктады.
Автор: Максат КудайбердиевФото: Нурдин Султанбаев, Максат Кудайбердиев