16-сентябрда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда КРнын Улуттук китепканасынын 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт.
Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, КРнын Президентинин аппаратынын жана өкмөттүн өкүлдөрү, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, эл аралык уюмдардын, илимий жана чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү, КМШнын жана түрк тилдүү мамлекеттердин улуттук китепканаларынын жетекчилери, китепкананын ардагерлери, аймактардагы жана Бишкек шаарындагы китепканалардын өкүлдөрү, окурмандар, жалпыга маалымдоо каражаттары жана кеңири коомчулук катышат.
Улуттук китепкананын мааракесинин алкагында 17-18-сентябрда “Евразиянын Китепканалар ассамблеясы” коммерциялык эмес өнөктөштүгүнүн 16-жалпы чогулушу болот. Ошондой эле түрк тилдүү өлкөлөрдүн улуттук китепканаларынын директорлорунун жыйыны өткөрүлөт. “Улуттук китепканалардын Евразиядагы маданий-гуманитардык мейкиндикти чыңдоодогу жана кеңейтүүдөгү ролу” деген тегерек стол уюштурулат. Анда шериктештиктеги өлкөлөрдүн китепкана иштеринде мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун, маданий-тарыхый мурастарды сактоонун жана аларды санариптик технологиялардын негизинде пайдалануунун, китепканалардын жана китепканалык кесиптик бирикмелердин өз ара байланыштарынын маселелери талкууланат.
КРнын Улуттук китепканасы – Борбордук Азиядагы эң чоң китепканалардын бири, уникалдуу мамлекеттик маданий, илимий, билим берүүчү мекеме. Улуттук китепкана уюштурулган 1934-жылдын 10-майынан тартып өлкөбүздүн элдеринин маданий мурастарын жана каада-салттарын сактоо, жалпы адамзаттык билимдерди өнүктүрүү ишинде чоң жолду басып өттү.
Бүгүнкү күндө китепкананын фонду дүйнө элдеринин 90 тилиндеги 6 миллионго жакын басылмалардан турат. Китепкана иштей баштагандан бери 20 миллион окурманга 120 миллион ар түрдүү басылмаларды берип турган.