Көчмөндөр оюндарынын алкагында кол өнөрчүлөрдүн жана уздардын колунан чыккан буюмдардын көргөзмөсү болду (фоторепортаж)
Жезден куюлган чүкө...
Манастын образында жасалган буюм...
Өлкө башчынын сүрөтү...
Мыкты жасалгадагы ээр токум
Көчмөндөрдүн байыркы жашоосун түшүндүргөн буюм. Аркардын мүйүзү жол катары колдонулса, үстүндөгү атчандар журт которуп бараткан элдин элесин берет.
Жаа жана жебелери...
Түркиянын эгемендүүлүккө ээ болуусунда элдин башында турган Мустафа Кемаль Ататүрктүн да элеси кийизге түшүрүлгөн.
Курлар...
Комуздар...
Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкы белгиси териге жасалгаланган.
Бул жердеги сүрөттөрдүн дээрлик бардыгы жоокердик замандагы турмушту баяндап турат.
Көргөзмөнүн жүрүшүнөн...
Куз куумай оюнун сүрөт чеберлери ушундайча тартышкан.
Бүгүн, 12-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында кол өнөрчүлөрдүн жана уздардын колунан чыккан буюмдардын көргөзмөсү болду. Анда республиканын бардык аймактарынан келген өнөр ээлеринин буюмдары коюлуп, көрүүгө келген элдин саны арбын болду. Көргөзмөнүн жүрүшүндө эл президент Алмазбек Атамбаевдин кийизге түшүрүлгөн элесин, териден жасалган буюмдарды жана башка кызыктарды көрө алышты. Чет жактан келген элдин чөнтөгү да эсепке алынганын мындан билиңиз, 1 ээр токумдун топтому 5000 долларга чейин бааланып жатат.
Автор: Максат КудайбердиевФото: Максат Кудайбердиев