Бишкекте Кыргыз Эл сүрөтчүсү Виктор Сырневдин зер буюмдары көргөзмөгө коюлду (фоторепортаж)

Бүгүн, 16-сентябрда Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейинде Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү, зергер Виктор Сырневдин “Бишкек, мен сенин чебериңмин” аталышындагы көргөзмөсүнүн бет ачар аземи өткөрүлдү.

Иш-чарага искусство, маданият өкүлдөрү, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Чанг Гю, сүрөтчүлөр катышты. Көргөзмөдө сүрөтчүнүн көз жоосун алган керемет зер буюмдары орун алып, көрүүчүлөрдү суктандырды.

“Мен шаар тургунумун. Эбегейсиз чоң заводдорго толгон Екатеринбург шаарында чоңойдум. Индустриялык пейзаж табигый жаратылыштын кооздугун кысып салды. Табигат менен баарлашуу жетишпегени өздүк экинчи жаратылышты жаратканга себепкер болду. Ошондуктан мени асманда каалгыган булуттар, учкан куштардын тобу жана үйүр жылкылар өзүнө тартат болуш керек. Мен булардан жашоонун ыргагын, анын тамырынын согушун сезем. Бишкекти курчап турган тоолор өзүнүн энергиясы менен азыктандырат жана чыгармачыл мейкиндигимди коргоп келет. Мына ушул табигат стихияларынан кызыктырган сюжеттер жаралат”,- дейт Виктор Сырнев.

Белгилей кетсек, 1986-1990-жылдары Виктор Сырневдин Бишкектеги Бакыт үйүнө жасаган асма шамы платиналык байгеге, ал эми "Ханыша" шакеги жана "Анастасия" зер буюму алтын медалга ээ болгон.

Бишкек шаарынын күнүнө арналган көргөзмө 30-сентябрга чейин уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
sportsmen.boy
2014-09-16 20:10:04
Эн сонун болуптур!
+1
oruktu_city
2014-09-16 21:15:25
Албетте ен сонун жасалган мыкты чеберчилик....
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан