Бүгүн, 18-сентябрда КРнын Улуттук илимдер академиясынын академиги К.Койчуевдин “Суверендүү Кыргызстандын коомдук өнүгүүсүндөгү проблемалары боюнча Улуттук илимдер академиясынын басылма сериясы” деген илимий эмгектеринин уландысы болгон “Кыргызстандын генофонду: комплекстүү изилдөө” аттуу китебинин 8-томунун бет ачары өткөрүлдү.
КРнын Улуттук илимдер академиясы билдиргендей, өлкөдө калктын генофонду илимий жана башка аспектилери жагынан тийиштүү мекемелердин көңүл чордонунда болуп келген жана болууда. Бирок бул проблемалар улуттук деңгээлге чейин көтөрүлбөй келет. Мына ошого байланыштуу генофонддун проблемаларына көңүл бөлүү илимий да, практикалык да планда абдан актуалдуу болууда. Аталган монографиянын авторлору генофонддун проблемаларын чечүүдө биргелешкен чыгармачыл жолдорду демилгелегенге умтулууда.
“Генофондду жакшыртууда эң негизги маселе – жакырлыкты жеңүү, эне менен баланын өлүмүн азайтуу, СПИДге каршы күрөшүү. Бул китеп улуттун генофондуна дагы да көңүл бурдурат деген үмүт бар”,- дейт медицина илиминин доктору Гүлнара Бейшенбиева.