Бишкекте "Тоолуу Кыргызстандын тулпарлары" аттуу китептин бет ачары болду

Бишкек шаарында "Тоолуу Кыргызстандын тулпарлары" аттуу китептин бет ачары болду. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Китептин авторлорунун бири - Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев. Депутат бул китеп Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата чыгарылып, алгачкы нускалары анын меймандарына тартууланганын билдирди. К.Иманалиев Жаклин Рипардын Кыргызстандын жылкылары жөнүндөгү чыгармалары китептин авторлорун ушундай идеяга түрткөнүн кошумчалады. Кыргыздын салт-санаасы ар-намыстын символу, оомат менен жеңиштин жандоочу болуп саналган жылкы баласы менен тыгыз байланышкан. Ал өмүр бою коштоп келгендиктен, кыргыздар бул асыл жаныбарга өзгөчө аяр мамиле жасашат,- дейт ал.

Китептин авторлоштору - Айнура Эргешова жана Темиркан Дүйшөкеев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан