Бишкекте япондордун бон бийи боюнча фестиваль өткөрүлөт

27-сентябрда Бишкектеги Жаштар аллеясында (Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын арты) япондордун бон бийи боюнча 6-фестиваль өткөрүлөт.

Уюштуруучулар билдиргендей, бул бий алгач япондордун диний көз карашын камтыган, өлгөндөрдүн жанына сыйынуу бийи болгон. Учурда ал диний өңүттө эмес жана 500 жылдан бери жай мезгили менен коштошуунун негизги атрибуту болуп эсептелет.

Фестиваль кооздукка бөлөнөт, соңунда каалоочулар чоң айлампага тизилишип, жөнөкөй кыймылдарды тууроо менен бийлешет. Бул бийди “Ооэдодайко” барабанчылары коштоп турушат.

Ошондой эле фестивалдын коноктору япон ашканасынан даам сызышат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан