3-октябрда КРнын Мамлекеттик тарых музейинде “Кыргызстандын тарыхындагы немистер” аттуу көргөзмө өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда иш-чаранын уюштуруучу уюму “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, көргөзмөнүн катышуучулары Кыргызстандын немистеринин тагдыры чагылдырылган сүрөттөрдү көрө алышат. Иш-чара “19-20-кылымдардын экинчи жарымында Кыргызстанда орун алган тарыхый процесстер” жана “Кыргызстандын тарыхына зор салым кошкон немистер” аталыштарындагы темаларда өтмөкчү.
Айта кетсек, көргөзмөнү даярдоодо жана уюштурууда Германиянын Кыргызстандагы элчилиги, Кыргызстандагы немистердин эл кеңеши, Гёте институту, К.Аденауэр фонду, “Интергласс” компаниясы колдоо көрсөтүшкөн.