Бишкекте "Бий мелдеш" сынагында "Санжыра" жана ”Жаз” бий топтору баш байгеге ээ болушту

Бүгүн, 18-сентябрда Бишкектеги соода борборлорунун биринде кыргыздын "Ийин бий", "Талма", "Жалын бий" жана "Шылкылдама" бийлери боюнча “Бий мелдеш” аттуу сынак өткөрүлдү. Сынакта “Санжыра”, Жаз”, “Эксклюзив”, "Кыз кыял" жана "Салимар" бий топтору ат салышып, бийлөө техникасындагы чеберчиликтерин калыстар тобунун сынына коюшту. Алардын өнөрлөрүн БААУнун (АУЦА) өкүлү Динара Орозбаева, “We’ll be” бий тобунун бийчиси жана башкалар баалашты. 

Бул иш-чарага конок катары чакырылган кытайлык манасчы Жусуп Мамайдын чөбөрөсү Тургунаалы, "Назик", “Кара жорго №1” бий топтору бийлеп беришти. Жеңүүчүлөрдү көрүүчүлөр жана калыстар аныктап, финалга чыккан “Санжыра” жана "Жаз" бий топтору биринчиликти багындырышып, баш байгеге коюлган планшеттерге ээ болушту. Ошондой эле келген көрүүчүлөрдүн арасынан чыккан бий сүйүүчүлөрү өз таланттарын тартуулашып, элдин колдоосуна арзышты.

Сынактын максаты - кыргызда “Кара жорго” бийинен сырткары "Ийин бий", "Сынма", "Талма", "Жалын бий", "Шылкылдама", "Так теке" өндүү жыйырмадан ашуун бий бар экенин элге жеткирүү менен кыргыз бий маданиятын жаштарга жайылтуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sagyn01
2014-09-19 04:52:36
Приз ото чонго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан