Ырчы Аяна Касымова Орусиянын “Россия 1” телеканалында көрсөтүлчү “Артист” аталышындагы долбоорго катышып, өнөрүн көрүүчүлөрдүн жана калыстар тобунун сынына коёт. Бул тууралуу Аянанын устаты, ырчы Салтанат Аширова бүгүн, 19-сентябрда SUPER.KG порталына билдирди.
Маалым болгондой, бул долбоор бүгүн, 19-сентябрда башталат.
“Телешоудо көрүүчүлөрдүн добуш берүү аркылуу сынактын сүйүктүү катышуучусун тандап алуу мүмкүнчүктөрү бар. Андыктан мекендештерден добуш берүүнү сурап кетет элем. Аянанын келечеги кең, ийгиликке жетишет деп ишенем”,- дейт Салтанат Аширова.