Бишкекте Дизайн фестивалында заманбап үлгүдө тигилген кыргыздын калпагы элге көрсөтүлдү

Бүгүн, 19-сентябрда Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлүп жаткан Дизайн фестивалынын ачылыш аземи орун алды.

Фестивалга республикадагы компаниялар, дизайнерлер жана сүрөтчүлөр өзүлөрүнүн чыгармачыл өнөрүн көрүүчүлөргө тартуулашты. Алардын арасында кыргыздын ак калпагы заманбап вариантта тигилип, “Турана” деп аталган экен. Андан тышкары кийизден жасалган үлпөт көйнөгү, кийизден жасалган адамдын органдары, сүрөтчүлөрдүн кийимдери, “Темир киши” кинотасмасындагы башкы каармандын бири Тони Старктын костюмунун көчүрмөсүн жасап чыккан Азиз Маликтин 19 килограммдык костюму жана башка жаратмандык эмгектер коюлду. Иш-чарага жалпы 30 автор катышты. 

Дизайн фестивалынын бир кырдуу тематикасы жок. Ал эки багытта өткөрүлөт. Обзордук көргөзмөдө дизайндын түрлөрү жана заманбап искусство (графикалык дизайн, архитектуралык долбоор, кийим дизайны, видео жана башкалар) тартууланат. Ал эми окутуу платформасында эки күн бою ар бир аянтта Борбор Азиянын жана АКШнын эксперттери лекцияларды, семинарларды өткөрүшөт. Иш-чара 21-сентябрга чейин уланат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Manasasman
2014-09-19 20:16:56
Тьфу ата, ообу жок катын орсоок уй саайт кумондор байкебиз айткандай
+1
Ariet7
2014-09-19 21:00:13
Питерпендин баш кийими го.тиги кийизден жазалган журок анын жанындагы эмне мен ойлоп аткан немеби же окшошбу?Аны кийиздер жазап эмне кылат?
+6
dkanu
2014-09-19 22:49:58
Баш кийимди жайына койгула!!! Ак калпак деген жон жерден келген баш кийим эмес. Ак калпак кыргыз тоолору болсо, булар доңдорубу?
+6
nurbol4
2014-09-19 23:36:31
Озубуздун эле Ак калпакка жетпейт.
+5
Patrik
2014-09-20 00:24:26
Калпактын ак эле болгону жакшы. Каяктагы сары жашыл калпак кылбай. Болбосо шляпа дегиле калпак дебей. Казактар юнеского каттатабыз деп журсо булар кайра аброюн тушуруп жатышат. Ойго келгендерин жасап.
+7
Ariet7
2014-09-20 00:30:00
Кийизден жазалган шляпа деп эле коюшса болмок экен
+8
kama_future_millioner
2014-09-20 01:37:25
Калпакты-жайына койгула баркын-кетирбей озунун формасы эле жакшы
+6
XAN-TORO
2014-09-20 04:37:00
Бул баш кийимди ак калпак деп айтууга ооз барбайт! Жон гана Европа же шляпа үлгүсүндө тигилген кийиз баш кийим деп койгула.
+3
tursunmurat1991www
2014-09-20 08:19:44
Ак калпак дегенден уйалгыла. бул аккалпак ата бабалардан бери кийилип келе жаттат
+2
Aiganish
2014-09-20 09:18:19
Ак калпак - илгертен келе жаткан биздин ата-бабаларыбыздан калган мурасыбыз да аны башкача кылып озгортуунун кереги жок, заманбап кылабыз деп турун бузуп коюшуптур, муну шлякалпак деп койгула бирок ак калпак деп атабагыла, башка эл коруп кулот го.......
+2
Alicia
2014-09-21 19:08:49
Dizainerler kalpakka tiishpei ele koigulachy!!!
+1
talant87
2014-09-21 21:21:19
Ээ ак калпак деп жатса буларга тусту шляпа чыгарыптырго тообо
+1
Мэри
2014-09-23 14:52:58
Адамдын органдары жаккан жок, аны эмне кылат, жасайт десе эле жасай беришеби?!
Бирөө сунуш киргизгени жатыптыр, калпактын баасы 1000 сомдон ылдый болбосун, анан материалы чыныгы кийизден болсун деп. Антпесе Кытайдан келген, синтетика калпактар жайнап кетип, калпактын баркын тушуруп жатат дейт.
+1
Мэри
2014-09-23 14:55:09
Мага жакты, ушул идея. Калпакты коргобосок, ар ким каалаганын кыла бере турган болгон окшойт...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан