25-ноябрда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Орусиянын Эмгек сиңирген артисти, Татарстан Республикасынын Эл артисти, пианист Евгений Михайлов концерт берет.
КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиргендей, бул концерт 2014-жыл - Орусиянын Маданият жылына жана КРнын мамлекеттүүлүгүн бекемдөө жылына арналат.
Евгений Михайлов эл аралык сынактардын лауреаты, АКШ, Кытай жана башка көптөгөн мамлекеттерге 400дөн ашуун концерт койгон. Пианисттин репертуарында Бах, Скарлатти, Моцарт, Бетховен, Шуберт, Шуман, Брамс жана башкалардын чыгармалары бар.