Бишкекте бүгүн, 22-сентябрда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда мамлекеттик тилдин кабыл алынганына 25 жыл толгонуна арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Бишкек шаардык мэриясы билдиргендей, иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов, КРнын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Алмаз Кулматов катышты.
Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, кыргыз эстрада жылдыздары жана балдардын чыгармачыл жамааттары өнөрлөрүн көрсөтүштү.