КРнын Эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев чыгармачылыгынын 25 жылдык мааракесине карата отчёттук жеке концертин берди. 3 күн бою созулган концертке биз 24-сентябрда күбө болдук. Кечеде алып баруучулук тизгинди Нурзат Токтосунова, Рысбек Жантөрөев жана Манас Алыкулов башкарышты. Бул кече Бек мырза үчүн кош майрам болуп, өздүк майрамы - туулган күнүн да белгиледи. Көпчүлүк аялзатынын жүрөк оорусуна айланган салабаттуу мырза бул күнү 45 жашка толду.
Шаңга бөлөнгөн концертте Бек Борбиев жүрөктөн чыккан ырларын аткарып, күйөрмандарга ыр майрам тартуулады. “Балдыз”, “Ак жоолукчан”, “Делбирим”, “Жубайыма”, “Уулуң мага окшогон”, “Окуучулук кайыгым” жана башка жагымдуу эски кайрыктарды аккордеон жана гитаранын коштоосунда Алтынбек Алымов менен аткарып берди. Залды 100 пайыз толуктаган ыр сүйүүчүлөр жүрөктүн түпкүрүнөн орун алган ырларды чогуу ырдашып, кыйкырып, тура калып дүркүрөтө кол чаап коштоп турушту.
Бек Борбиев өздүк кечесинде ырдап гана тим болбостон, куудулданып, күйөрмандар менен тамашалашып жатты. Ар бир ырдын тарыхына токтолгон ырчы: “Менин бардык ырларым биздин үйдө жаңыра бербейт. Телевизор же радиодон деле “Уулуң мага окшогон” жана башка кыздарга арналган ырларым ырдалса, үйдө күн бүркөлүп, бороон-чапкын башталат. Ырларымдагы окуяларды элден угам да, ыр аркылуу күйөрмандарга жеткирем. Ошон үчүн үйдөгү маанайды көтөрүп бул ырды жараткам”,- деп “Жубайыма” аттуу ырын аткарды.
Анын ар бир ырында "Керемет" бийчилер тобунун карлыгачтары чимирилте бийлеп көрк беришти. Кооз кийинген бийчи кыздар тууралуу кеп козгогон ал: "Негизи, бийчилер мага тоскоолдук жаратышат. Алар бийлеп жатышып түртүп өтүшөт, "Бек байке, Бек байке" деп сүйлөнүшөт. Анан жаныңда ийилип бийлеп жатышса, адам болгондон кийин карайсың да, ошентип ырыңдан адашасың. Бийчилер менен бирге ырдоонун себеби - эркектердин көңүлүн сахнага буруу. Анткени алар концертте бири-бири менен сүйлөшүп отура беришет",- дейт.
Ырчыны куттуктап Казакстандан “МузАрт” тобу, кыргыз ырчылары Гүлнур Сатылганова, Курал Чокоев, Асел Турдалиева, Айчүрөк Иманалиева, Ильяз Абдыразаков жана башка артисттер келишти.
Белгилей кетсек, бул концертте Бек Борбиевдин чыгармачылыгынын 25 жылдыгына карата эл ичинен чыккан таланттардын арасында "Делбирим" аталышында сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды. Баш байгени казак ырчысы Нурболат Абдулин жана “Добулбас” тобу багындырды. Ошондой эле бул сынактын финалына чыккан катышуучулардын таланты 12-сентябрдан 23-сентябрга чейин SUPER.KG порталынын колдонуучуларынын сынына коюлган. Жыйынтыгында эң көп добуш алган “Добулбас” тобуна уюштуруучулар тарабынан даярдалган Ардак грамота жана акчалай сыйлыкты SUPER.KG порталынын директору Бактыгүл Сокушова тапшырды. Концертте сынактын катышуучулары да өнөрлөрүн көрсөтүшүп, ыр сунушту.