27-сентябрда Бишкектеги Эркиндик бульварында дүйнөгө белгилүү болгон “Фотосушка” аталышындагы көргөзмө өтөт. Иш-чара баш калаанын күнүнө арналып, “Пишпек-Фрунзе-Бишкек” шаарынын тарыхы чагылдырылат.
Көргөзмөгө катышууну каалагандар шаардын тарыхын чагылдырган эмгегин кыпчыткыч менен бекитип кермеге илишет. Сүрөтүнө кол тамгасын, байланыш номерлерин калтырышат. Ошондой эле сүрөттүн келечектеги ээсине каалоо-тилек жазып койсо да болот. Көргөзмөгө миңден ашуун эмгек илинет.
“Жайында сурамжылоо жүргүзгөнбүз. Анда жаштардын өзүнүн мамлекетинин тарыхына кызыкпаганы аныкталган. Ушундан улам биз “Фотосушка” долбоорун сунуштаганбыз. Фотолор аркылуу Пишпек, Фрунзе жана Бишкек шаарынын үрп-адатын, күнүмдүк турмушун, кызыктуу жерлерин көрсөтүүнү каалайбыз”,- деп билдиришет уюштуруучулар.
Көргөзмө 10:00-18:00гө чейин уланат.