Бишкекте комедия жанрындагы "Султан Сулайман" аттуу тасманын бет ачары болду

Бүгүн, 25-сентябрда Бишкекте “Султан Сулайман” аттуу комедия жанрындагы тасманын бет ачар аземи өттү. Аземде тасмада башкы каармандын образын жаратышкан Айкөл Аликжанова жана Эрмек Таалайбеков жомоктогудай болгон ат араба менен келишип, кызыл килемден өтүштү.

Нурлан Мамакеев жана "тамашоучу" Кубаныч Курманбеков режиссёрлук кылган тасма боорду эзген тамашага бай экен. Сүйүү темасы чагылдырылган фильмден белгилүү актёр жана куудул Бакыт Мукул, КРнын Эмгек сиңирген артисттери Гүлмира Турсунбаева, Замира Мавлянова жана башкаларды көрө алдык.  

Тасмада башкы каармандын бири Сулайман - билимдүү бойдок жигит. Ата-энесинин “Качан үйлөнөсүң?” деген суроосунан тажаган ал бул кырдаалдан чыгуу үчүн болочокто актриса болчу Камиланы бир күнгө акчага жалдап, “сүйлөшкөн кызым” деп тааныштырат. Бул кадамы менен Сулайман башына мүшкүл үйүп жатканын билген эмес. Тасманын сюжети мындан ары кызып отурат. Султандын ата-энесинин алдында кыз-жигит болуп ойногон алар калптын айынан үйлөнүүгө мажбур болушат. Алардын никесин чыныгы молдо эмес, акчага жалданган куруучу молдо болуп кыят. Эми бир үйдө жашаганга аргасыз болгон эки жаштын калп сүйүүсү бара-бара чыныгы сүйүүгө айланат. Алар көптөгөн кызыктуу, күлкүлүү учурларды басып өтүшөт.

Биринчи жолу башкы каармандын образын ачып берген актриса Айкөл Аликжанова: “Мен тасмага кастинг аркылуу кабыл алындым. Бул менин тасмада жараткан үчүнчү ролум. Тартуу аянтчасында өтө көп кызыктуу учурлар болду. Өзүмдүн актёрлук чеберчилигим менен образды ачып берүүгө аракет кылдым. Каарманымдын образы аябай жакты. Ал экөөбүз шайыр мүнөзүбүз менен окшошпуз”,- дейт.

Ал эми Султандын ролун майын чыгара аткарган актёр Эрмек Таалайбеков буларды кошумчалады: “Тасма 3 ай тартылды. Буга чейин да фильмдерге тартылып жүргөндүктөн, образды ачып берүү кыйынга турган жок. Анткени каарманыма 80 пайыз окшошмун”.

Фильмдин продюсери Нурлан Мамакеев тасма тууралуу: “Фильмди кыргыз киносунун өнүгүшүнө салым кошуу максатында тарттык. Көрүүчүлөргө жагымдуу эмоция, күлкү тартуулайлы дедик”,- дейт. 

Султан Сулайман кинокомедиясынын трейлери
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nurkojo
2014-09-26 01:46:31
Жакшы тартылганго дейм....
0
Hatiko
2014-09-26 03:37:15
Орто бармашын корсотуп... Ай ай
+1
sladkaja_konfetka
2014-09-26 14:10:02
Султан Сулаймандын бул жерде кандай тиешеси бар?
0
Гулжигит
2014-09-26 19:51:02
Айкол аябай сулуу кыз, мага жагат да...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан