"Тамашоу" Лигасынын “Ала-Тоо” курама командасы Казакстандын Чымкент шаарында өтчү түрк тилдүү мамлекеттердин КВН сынагына аттанды. Бул кабарды "Тамашоу" долбоорунун негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев SUPER.KG порталына бүгүн, 26-сентябрда билдирди. Маалым болгондой, сынак 27-сентябрда өткөрүлөт. Ага Казакстан, Өзбекстан жана башка түрк тилдүү мамлекеттердин КВН курама командалары катышмакчы. Таймашка чакыруу алган мекендештер кыргыз тилинде оюн көрсөтүшөт.
“Командалар чет өлкөгө барып, өзүлөрүн көрсөтүп турушу зарыл. Себеби башка оюнчулар менен баарлашуу аларды профессионалдык жактан өстүрөт, тажрыйба топтошот. 2010-жылдан тартып "Тамашоу" долбоорунун курама командалары Алматы, Астана, Сочиге барып өнөрүн көрсөтүп келишкен. Азыр ал жигиттер эл оозуна алынган чыгаан, көрүнүктүү инсандар болушту. “Ала-Тоо” - биздин долбоордо түзүлгөн үчүнчү курама команда. Андагы оюнчулардын келечеги кең, таланттуу балдар. Мен аларга ийгилик каалайм”,- дейт Эрмек Нурбаев.