Ош шаарында “Сулайман тоо – тынчтыктын жана биримдиктин символу” аттуу фестиваль өтөт

2-6-октябрга чейин Ош шаарында “Сулайман тоо – тынчтыктын жана биримдиктин символу” аталышында фестиваль өткөрүлөт. Фестиваль шаардагы Сулайман тоонун уникалдуулугуна арналган маданий-көңүл ачуучу жана академиялык иш-чаралар менен коштолот. Ошондой эле театралдык көрсөтүүлөр, фото жана сүрөт көргөзмөлөрү, классикалык музыканын концерти, илимий-практикалык конференциялар, жарманкелер орун алат.

Уюштуруучулар билдиргендей, иш-чаранын максаты - Ош шаарынын жана Сулайман тоонун толеранттуулукка, жалпы жарандык жана улуттар аралык сый-урматка чакырган символика экенин жайылтуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан