1. Мыкты спектакль – Ш.Термечиков атындагы Чүй облустук драма театры койгон "Жамиля" спектакли (авт. Ч.Айтматов, реж. О.Айдаров);
2. Мыкты режиссёр – С.Ибраимов атындагы Ош облустук драма театрынын режиссёру Т.Апыев "Делбирим" аттуу чыгармасы менен.
3. Эркектин ролун мыкты аткарган актёр – К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын актёру Элдияр Желденбаев;
4. Аялдын ролун мыкты аткарган актриса – С.Ибраимов атындагы Ош облустук драма театрынын актрисасы Айзат Сатыбалдиева;
5. Аялдын ролун мыкты аткарган экинчи пландагы актриса – М.Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык драма театрынын актрисасы, КРнын Эмгек сиңирген артисти Бермет Өмүрова;
6. "Үмүт" номинациясына Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын артисттери көрсөткөн театралдык мастер-классы ээ болду.