Манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдык мааракесине арналып, 7 күн, 7 түн "Манас" айтуу иш-чарасында 1 манасчы кем дегенде 3 сааттан 10 саатка чейин улуу эпосту айтып жатты. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда маалымат жыйынынын жүрүшүндө иш-чаранын уюштуруучулары кабарлашты.
Алардын айтымында, конок катары да келип, өз каалоолору менен "Манас" айткандар болду. "Манасты" кезек-кезеги менен алмашып айттык. Айрым учурда алардын үндөрү бүтүп калып, алмашууга туура келип жатты. "Манас" обого жаңырып, коктудан, таштан жаңырып жаткан кубулуштар да катталды. Негизи, бир киши ашып кетсе 10 саатка чейин гана айта алат",- деп билдирди манасчы Талантаалы Бакчиев.
Маалым болгондой, Талантаалы Бакчиевдин бул убакыт аралыгында үзүп-үзүп айткан убакыттарын кошо келгенде 45 саат 30 мүнөттү түзгөн.