30-сентябрда Бишкектеги Улуттук китепканада үй-бүлөлүк түгөйлөр Сапарбек Касмамбетов менен Асангүл Абдыгулованын “Өрнөктүү мөлтүр түгөйлөр”, Кайрат Иманалиев менен Кыял Шаршееванын “Балбылдап жанган кош жылдыз” аттуу китеп-иллюстрациялык көргөзмөлөрү ачылат. Аталган китепканадан билдиргендей, көргөзмө Үй-бүлө, тынчтык жана биримдик күнүнө арналат.
Көргөзмөгө бул үй-бүлөлөр тууралуу китептер, эмгектер, гезит, журнал беттерине даярдалган материалдар, фотодокументтер коюлат.
Сапарбек Касмамбетов – Кыргызстандын белгилүү манасчысы, акын-импровизатор, жубайы Асангүл Абдыгулова – таланттуу драматург, акын. Алар көп жылдан бери бирге жашап, 6 баланы тарбиялашкан.
Кайрат Иманалиев – белгилүү драматург жана журналист, Кыял Шаршеева – журналист, жогорку окуу жайдын окутуучусу.