Маданият министрлиги Карылар күнүнө карата кайрымдуулук иш-чараларды уюштурат

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Театралдык-оюн-зоок жана маданият уюму Карылардын эл аралык күнүнө карата бир айлык жарыялап, кайрымдуулук иш-чараларын, концерттерди уюштурат.  

1-октябрда Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында карыларга балет жана опера өнөрпоздору концерт беришет. Концерттик программада дүйнөлүк жана улуттук классикалык чыгармалар жаңырат.

Ошондой эле Ысык-Ата райондук маданият бөлүмү Төмөнкү Серафимов карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын интернатында “Ысык-Ата - Арашан” ансамблинин жана опера-балет театрынын артисттери концерт коюшат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан