Бишкекте “Жөө жүрүүчүлөр өтүүчү жолдун бейиши” аттуу көчө фестивалы өтөт

5-октябрда Бишкекте “Жөө жүрүүчүлөр өтүүчү жолдун бейиши” аттуу көчө фестивалы өткөрүлөт. Уюштуруучулар билдиргендей, иш-чара Киев көчөсү, Манас проспектинен Логвиненко көчөсүнө чейин орун алат. Бул фестивалга келген коноктор сынактарга, спорттук таймаштарга катыша алышат. Ошондой эле көчө театрынын артисттеринин, граффити сүрөтчүлөрүнүн өнөрүнө күбө болушат.

Фестивалдын максаты - Кыргызстандын жөө жүрүүчүлөрүнө коопсуздук эрежелерин үйрөтүү, укуктарын коргоо.

Фестиваль өтчү аймактар 5 бөлүккө бөлүнүп, иш-чаралар уюштурулат:

- спорт жана дени сак жашоо образы кварталы;

- искусство кварталы;

- музыка жана бий кварталы;

- жол жүрүү эрежелери кварталы;

- экологиялык квартал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан