Ырчы Айпери Кубик кызы жакынкы күндөрү турмушка аттанат. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына бүгүн, 1-октябрда билдирди. Маалым болгондой, ырчынын жүрөгүн Нарулан аттуу жигит багындырган. Ал 26-сентябрь күнү кыргыздын каада-салты менен Айпериге сөйкө салып кеткен. Учурда үйлөнүү тоюна камылга көрүп жүргөн ырчы: “Наруландын ата-энеси июнь айында колумду сурап келишкен, сентябрда сөйкө салып кетишти. Болочоктогу жолдошум 26 жашта, Таластан болот. Ал өзүнүн жөнөкөйлүгү, мени сыйлаганы, оор басырыктуулугу менен сүйдүрүп алды. Муну менен катар Нарулан мени ырчы катары эмес, адам катары сүйгөн биринчи жигит болду. Учурда ата-энем болуп сеп даярдамай, көйнөк тандамай өңдүү жумуштар менен алпурушуп жүрөбүз”,- дейт.