“Супер-Инфо" гезити ар жылы кадырман карыларды эл аралык майрамы менен куттуктоону салтка айландырган. Быйыл да 1-октябрь – Кадырман карылар күнүн унутта калтырбай, гезиттин жамааты КРнын Эл артисти, театрда 40 жылдан бери эмгектенип келе жаткан Чоро Думанаевди куттуктап, белек-бечкек тапшырып келишти.
Чоро Думанаев “Ак илбирстин тукуму”, “Ак кеме”, “Каныбек”, “Отко таазим”, “Кызыл алма”, “Көчө”, “Ысык-Көлдүн кызгалдактары”, “Чиркин өмүр”, “Президент жана бомж” жана башка тасмаларда образ жараткан. Өлкөнүн маданиятына, кино, театр тармагына зор салым кошкон залкар инсан учурда 62 жашта. Гезит жамааты актёрду куттуктап барганда ал ыраазычылыгын билдирип, алкыш сөзүн айтты: “Бүгүн куттуктап келгениңер мени кубандырып жатат. Карыганда биз жылуу сөзгө гана муктаж болуп калат экенбиз. Ден соолугум жакшы, буюрса. Канчага чыксам да мен өзүмдү кары сезбейм, жүрөк жаш бойдон кала берет турбайбы. “Супер-Инфо” гезитин калтырбай окуйм. Маданият адамдары тууралуу жазылган макалаларды көрүп кубанып турам. Мындан ары да өнүгүп-өскүлө”.
Карылардын батасын алуу жагымдуу, атүгүл парз экенин унутпайлы. "Супер-Инфо" гезити өлкөбүздөгү бардык кадырман карыяларды Эл аралык карылар күнү менен куттуктайт.