Акыркы 23 жылдан бери 1-октябрь Карылардын эл аралык күнү катары белгиленип келет. Жыл сайын бул күнү майрамдын каармандарын куттуктоо SUPER.KG порталынын салтында бар. Быйыл дагы ушул күндүн каармандарын унутта калтырбай, порталдын эмгек жамааты КРнын Эл артисти Сардарбек Жумалиевди жана Кыргыз Эл Баатыры, медицина илимдеринин доктору, профессор Мамбет Мамакеевди куттуктап, атайын даярдап барган белектерин тапшырды.
Бүт өмүрүн медицинага арнап, өмүр сакчысы болуп келаткан Мамбет Мамакеев кош майрамга ортоктош болууда. Бул күнү 87 жашка толгон профессор өздүк майрамын баш калаадагы тойканалардын биринде белгилеп жаткан экен. “Карылар күнүндө улгайган инсандарды куттуктап чакырышат го, мени болсо бир да жолу эч ким чакырып куттуктаган эмес. Бул мени бир четинен сүйүндүрсө, өзүмдү жаш элестетүүмө көмөк көрсөтүп, бир чети таң калтырат. Бүгүн силердин атайын куттуктап келгениңерге ыраазы болуп жатам. Карылар асмандан түшүп калган жок, алар өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуп, жаштардын келечеги үчүн жан үрөп иштеп ушул жашка келген адамдар. Ошондуктан карыларды сыйлагыла”,- деди.
Ал эми “Бульварым” жана башка белгилүү ырларды обонго салган обончу, композитор, дирижёр, “Супер-Инфо” гезитинин атынан “Керемет ыр үчүн ыраазычылык” алган белгилүү Сардарбек Жумалиев учурда 73 жашта. Жагымдуу обондорду ыр сүйүүчүлөрүнө тартуулап келаткан инсан SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирип, карыларды бул күнкү майрамдары менен куттуктап өттү: “Карыганда ден соолук гана тилеп калат экенсиң, ошондуктан улгайган адамдарга чың ден соолук каалайм. Силердей болгон жаштар бизди унутпай, дайыма көңүлүнө түйүп жүрүшсүн. Жагымдуу сөз айтып, ушинтип келип, көңүлүбүздү көтөрүп турганыңар биз үчүн бакыт”.
"Карысы бардын ырысы бар" деген сөз бар кыргызда. SUPER.KG порталы ырыстуу элдин маңдайына бүткөн бардык карыларды Эл аралык карылар күнү менен куттуктайт жана аларга аманчылык, бекем ден соолук, дөөлөттүү карылык тилейт.