Элди күлкүгө сугарган “Ак Өргө City” командасынын жеке концерти ырчылардын, куудулдардын коштоосунда өттү

Бүгүн, 1-октябрда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда "Ак Өргө City" командасы жеке концертин берди. Тасмаларда роль жаратып, өзүлөрү тасма тартып, жашоолорун күлкүсүз элестете албаган бул команданын жигиттери концертке катуу даярдык көргөнү сахнанын жасалгасынан, элге көрсөтүлгөн тасмалардан жана жаңы тамашалардан улам байкалып турду. "Тамашоучулар" Санжар Мыкыев менен Азамат Исмаилов алып баруучулук милдетти аркалашты. Бул күнү Анжелика, Арсен сыяктуу эстрада жылдыздары алгач команданы жеке концерти менен куттуктап, андан соң ыр тартуулашты. Муну менен чектелбей куудул жигиттерге кошулуп, тамаша да ойногонго жетишишти. "Тамашоунун" акыркы сезонунда көп көрүнбөй калган бир топ "тамашоучулар" конок катары келип, бул күндүн каармандарына элди күлдүрүүгө көмөк көрсөтүштү. 

Концерт бир аз кечигип башталып, 2 сааттан ашык убакытка созулду. Бул убакыт аралыгында "Ак Өргө City" командасынын жигиттери сантехникке, электрикке, бирде кемпирге, бирде келинге кубулуп элди күлдүрүп жатышты. Ошондой эле концерттин жүрүшүндө күйөрмандар аларга суроо узатып, жигиттер залдан узатылган суроолорго күлкүлүү жооп берүү аракетин көрүп жатышты. Өзгөчөлүктөрдүн катарын "Стендап" багыты боюнча айтылган тамашалар толуктады. Анда команданын бардык мүчөлөрү өзүлөрү даярдап келген күлкүлүү окуяларын элге айтып беришти. 
"Ак-Өргө city" командасынын концертинен репортаж
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
nurs7500
2014-10-01 23:25:50
alga tamashow
0
eliz-an86
2014-10-02 00:29:23
Молодцы! Мен жакшы коргон командам, тамашоучулардын эн мыкты командасы.
0
dinooou
2014-10-02 00:31:01
Ах менин сүйүктүүм эмне мартышка болуватат :D
0
123m
2014-10-02 00:40:14
Azamatsynar !!! Bir jylga jetchudoi energiya aldym rahmat silerge
0
altynbubu
2014-10-02 00:50:40
Азаматтар!
+1
zarlyk2211
2014-10-02 04:32:47
Азаматсынар!!!
0
Aipri
2014-10-02 09:35:10
Концерт кечээ куну соонун болду.!!!
0
aizada.ru
2014-10-02 15:07:29
Диск кылып чыгаргылачы сураныч.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан