Эртең, 4-октябрда Бишкектеги Спорт Ордосунда ырчы Дайыр Исмадияров жеке концертин берет. Чыгармачылык кече Курман айт майрамына туш келгендиктен, ырчынын күйөрмандарын боорсокко толо жайылган ак дасторкон күтүп алат экен. Алып баруучулук милдетти ырчылар Анжелика, Юлия Руцкая жана телеалпаруучу Максат Давранов аркалашат. Учурда жеке концертине кызуу даярданып жүргөн Дайыр Исмадияров: “Концертим улуу Курман айт күнү болгондуктан, жакшы өтүп кетсин деген тилек айтып жатам. Бул концертте күйөрмандарым мени менен бирге айтташат десем болот. Дасторкон жайылып, чоң фуршет уюштурулат. Кечемде жаңы дуэт, квартет ырлар жаңырат. Ар бир ырым аткарылып жатканда сахнада менин жеке жашоом театралдаштырылып чагылдырылып турат”,- дейт.