Бишкекте “Жөө жүрүүчүлөр өтүүчү жолдун бейиши” аттуу көчө фестивалы өткөрүлдү

5-октябрда Бишкекте “Жөө жүрүүчүлөр өтүүчү жолдун бейиши” аттуу көчө фестивалы өткөрүлдү. Иш-чаранын ачылышына Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов катышты.

Бишкек шаардык мэриясы билдиргендей, иш-чара Киев көчөсү, Манас проспектинен Логвиненко көчөсүнө чейин орун алды. Аталган фестиваль үчүнчү жолу Бишкек шаардык мэриясы жана Шаарды өнүктүрүү агенттиги тарабынан уюштурулду. Бул фестивалга келген коноктор сынактарга, спорттук таймаштарга катышышты. Ошондой эле көчө театрынын артисттеринин, граффити сүрөтчүлөрүнүн өнөрүнө күбө болушту. Бул фестиваль “Жашыл шаардын ритминде кыймылда!” аттуу ураандын алдында өттү.

Фестивалдын максаты - Кыргызстандын жөө жүрүүчүлөрүнө коопсуздук эрежелерин үйрөтүү, укуктарын коргоо.

Фестиваль өткөн аймактар 5 бөлүккө бөлүнүп, иш-чаралар уюштурулду:

- спорт жана дени сак жашоо образы кварталы;

- искусство кварталы;

- музыка жана бий кварталы;

- жолдо жүрүү эрежелери кварталы;

- экологиялык квартал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Мэри
2014-10-06 11:17:35
Бул фестиваль кандай өткөнүн билбейм, бирок айдоочулар үчүн ыңгайсыздык жаралды, алар орто жолдон артка бурулуп жатышты. Ошондуктан мындай иш-чараны башка жакка, балким, парк, аянт сыяктуу жерлерде уюштурса туура болмок беле дейм...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан