6-12-октябрь аралыгында Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрынын сахнасында гастролдук иш сапары менен келишкен М.Ауэзов атындагы Казак мамлекеттик драма театрынын артисттери спектаклдерди коюшат. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Казак драмасынын жумалыгында 7 спектакль көрсөтүлөт. Алар: трагедия, драма, комедия жана мюзикл жанрында болот.
Спектаклдердин тизмеги:
- 6-октябрь, “Абай” (трагедия), автору М.Ауэзов, режиссёру Е.Обаев;
- 7-октябрь, “Күн батканга чейин” (драма), автору Г.Гауптман, которгон К.Ыскак, режиссёру Р.Адриасян;
- 8-октябрь, “Одержимый” (драма), автору Д.Исабеков, режиссёру Е.Обаев;
- 9-октябрь, “Күлүш керекпи же ыйлаш керекпи?..” (комедия), автору Е.Жуасбек, которгон А.Сыгай, режиссёру М.Ахманов;
- 10-октябрь, “Бири-бириңердин жүрөгүңөрдү оорутпагыла” (драма), автору Бексултан Жакиев, режиссёру Е.Обаев;
- 11-октябрь, “Цыган серенадасы” (мюзикл), автору И.Сапарбай, режиссёру Е.Обаев, Т.Аралбай.
- 12-октябрь, “Султан Бейбарс” (тарыхый драма), автору Р.Отарбаев, режиссёру Ю.Ханин-Бекназар.