Бишкекте “Кыргызстандын тарыхындагы немистер” аттуу көргөзмө ачылды

Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде “Кыргызстандын тарыхындагы немистер” аттуу көргөзмө ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.

Иш-чарага мурдагы президент Р.Отунбаева, вице-премьер-министр В.Диль, Германиянын Кыргызстандагы элчиси Г.Срeга жана башкалар катышышты.

Көргөзмөнүн максаты – жалпы коомчулукка жана дүйнөлүк уюмдарга Кыргызстандагы немистердин өлкөнүн маданиятынын, экономикасынын өнүгүшүнө кошкон салымын көрсөтүү, Кыргызстан менен Германиянын мындан аркы кызматташууларынын жолун чагылдыруу.

Маалыматка ылайык, көргөзмөнүн катышуучулары Кыргызстандагы немистердин тагдыры чагылдырылган сүрөттөрдү көрө алышты. Иш-чара “19-20-кылымдардын экинчи жарымында Кыргызстанда орун алган тарыхый процесстер” жана “Кыргызстандын тарыхына зор салым кошкон немистер” деген аталышта өттү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан