Ош шаарынын күнү белгиленди

5-октябрда Ош шаарынын күнү белгиленди. Стадиондо орун алган майрамдык салтанатта шаар тургундарына чоң концерт тартууланды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 6-октябрда билдирди. 

Иш-чараны Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев ачып, куттуктоо сөзүн айтты. Майрамдык салтанатка КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын, Орусия, Казакстан, Тажикстан мамлекеттеринин өкүлдөрү күбө болушту. 

Иш-чарада бир катар бий топтору жана эстрада жылдыздары өнөрлөрүн көрсөтүштү. Ошондой эле кыргыз элинин тарыхын, турмушун жана маданиятын чагылдырган улуттук кийимдердин мода көргөзмөсү тартууланды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
uylaak
2014-10-06 19:36:10
Ош Шаарым ар дайым онуп осо бер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан