Келерки ишемби күнү, 11-октябрда орусиялык ТНТ телеканалында "Бий" долбооруна катышкан "Тумар КР" тобунун бийи көрсөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн аталган топтун мүчөсү
Атай Өмүрзаков SUPER.KG порталына билдирди.
Айта кетсек, 24-майда Кыргызстандын атынан "Тумар КР" бий тобу жана жаш бийчи
Тилан Садырбаев аталган долбоордун кастингине катышып, андан ийгиликтүү
өтүшкөн.
Бул долбоор ушул жылдын 23-августунда көрсөтүлүп баштаган. Анда 300гө жакын бийчи жана бий топтору катышууда. Долбоордун жеңүүчүсү "Орусиянын мыкты бийчиси" аталып, 3 миллион рублга ээ болмокчу.