Бишкек шаарына гастролдук иш сапары менен М.Ауэзов атындагы Казак академиялык театрынын артисттери келишти. Максаты - Казакстандын маданияты, искусствосу менен көрүүчүлөрдү тааныштыруу. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда аталган театрдын директору Еркин Жуасбек билдирди.
“Биз көрүүчүлөрдүн көңүлүн тартуу максатында Казакстанды гастроль менен кыдыра баштаганбыз. Эми чет өлкөлөрдү кыдырууну колго алдык. Театрдын көпчүлүк пайызын жаштар түзгөндүктөн, заманбап чыгармаларды койгонго аракет кылабыз. Бирок ошол эле учурда театр дүйнөлүк классикасыз жашай албагандыктан, дүйнөлүк чыгармалар да коюлуп турат. Ал эми Бишкекте ар түрдүү жанрдагы 7 спектакль көрсөтөбүз. Алардын баары казак тилинде коюлат”,- деди Жуасбек мырза.
Казакстандын Эл артисти, режиccёр Ислухан Обаев: "Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда бир туугандык жакындык эбактан бери болуп келген. Кыргыз чыгармалары бизде атактуу. Алсак, Чыңгыз Айтматов, Мар Байжиев, Бексултан Жакиевдин чыгармаларын казак режиссёрлору коюп турушат",- деп билдирди.