Бишкекте азербайжан музыкасынын кечеси өткөрүлөт

15-октябрда Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында азербайжан музыкасынын кечеси өткөрүлөт. Бул тууралуу Азербайжандын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Иш-чаранын алкагында азербайжандык композитор Узеир Гаджибековдун “Аршин Мал Алан” аттуу музыкалык комедиясы көрсөтүлөт. Спектаклде КРнын Эл артисти Жумакадыр Каниметов дирижёрлук кылса, режиссёру КРнын Эмгек сиңирген артисти Сапар Исмаилов, балетмейстери Бердалы Романкулов, хормейстери Карагул Тиленчиев болушат. Чыгарманы Узакбай Абдукаимов которгон.

Спектаклде ролдорду Гүлнур Ниязбаева (Гүлчахра), Сталбек Жунушалиев (Аскер), Нуржигит Асанов (Сулейман), КРнын Эмгек сиңирген артисти Кайымбек Кускаков (Султанбек), Кундуз Карыппаева (Асья), Салыйма Маматова (Телли), Медияана Байитова (Жихан), Алмазбек Истамбаев (Вели) аткарышат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан