Бүгүн, 9-октябрда Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде “BEAUTY EXPO-2014” аталышындагы сулуулук индустриясынын эл аралык көргөзмөсүнүн бет ачар аземи болду. Кыргызстанда биринчи жолу уюштурулуп жаткан эл аралык ири көргөзмөгө косметика, парфюмерия, эстетикалык медицина, профессионалдуу косметикалар жана косметологиялык жабдуулар коюлду.
Ошондой эле бул жаатта эмгектенген адистер эстетикалык косметология, пластикалык хирургия, карылыкка каршы медицина тууралуу келген конокторго түшүндүрмө берип жатышты. Мындан сырткары визаж, тырмакты түрлөп боёо, чачка кам көрүү боюнча мастер-класстар көрсөтүлдү.
Белгилей кетсек, аталган көргөзмө 11-октябрга чейин уланат.