Бишкекте Шабдан Жантай уулунун 175 жылдыгына карата көргөзмө ачылды

Бишкектеги Улуттук китепканада “Тарыхый инсан Шабдан Жантай уулуна 175 жыл” аттуу китеп-иллюстрациялык көргөзмө ачылды. Аталган китепканадан 8-октябрда билдиргендей, көргөзмөдө Шабдан баатырдын басып өткөн жолу тууралуу китептер, гезит жана журналдарга жарыяланган материалдар орун алды.

Шабдан Жантай уулу 1839-жылы Чүй өрөөнүндө туулган. Кемин өрөөнүндө жашаган сарыбагыш уруусунун тынай уругунан чыккан манап, саясий, коомдук ишмер, Жантай хандын уулу. Жаш кезинен эле саясий турмушка аралашкан.

1868-жылы орус букаралыгына өтүүгө каршы чыккан саяк уруусунун манабы Осмондун кетөрүлүшүн басууга катышкан.

1876-1877-жылдары генерал Скобелевдин алайлык кыргыздарды Орусиянын карамагына өткөрүү ишине көмөк көрсөткөн.

1878-жылы жигиттери менен Ат-Башынын түштүгүндө орустардын чалгындоо отрядын коштоп жүргөн. Орус падышалыгына кылган кызматы үчүн Шабдан сыйлыктарды алып турган.

1909-жылы Чоң-Кеминде жаңы усулда сабак өткөрүүчү медресе салдырган. 65 жашында зыяратка Меккеге барган. Шабдандын емүр баяны, ишмердиги Осмонаалы Сыдык уулунун “Тарых-и кыргыз шадманийа” аттуу 1914-жылы Уфада басылып чыккан эмгегинде жазылган. Эстелиги Бишкек шаарында жана Кемин шаарчасында орнотулган.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
realliver
2014-10-09 14:39:08
Жанагы Кыргыз жерлерин казактарга уйур-уйур жылкыларга сатып жиберген"эрдиктерин" жазгандар жок болду бекен..
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан