Бишкекте Орусиянын Эл артисти, скрипач Владимир Иванов концерт берет

21-октябрда Бишкекте Орусиянын Эл артисти, скрипач Владимир Иванов концерт берет. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти. Владимир Иванов бир канча эл аралык  сынактардын жеңүүчүсү. 1972-жылы Иоган Себастьян Бах атындагы сынагында биринчи сыйлыкка ээ болгон. 1974-жылы Катя Попова атындагы жана 1976-жылы Морис Равель атындагы фестивалдарда алтын медаль жеңип алган. 1990-жылдан бери Владимир Иванов Москва мамлекеттик академиялык филармониясынын солисти болуп эмгектенип келет, “Москвалык трионун” негиздөөчүсү. Ал дайыма чет өлкөгө гастролго чыгып, мастер-класс өткөрүп турат. Музыканттын репертуарында ар кыл жанрдагы чыгармалар бар. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан