12-октябрда Чүй районундагы Чоң-Арык айылында залкар ойчул Жусуп Баласагынга арналып тартылган паннонун (дубалдын бир жагын бүт ээлөөчү калың кездемеге тартылган чоң картина) бет ачары болот. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Бул паннону КРнын Эл артисти, сүрөтчү Сагынбек Ишенов 20 жыл, өз каражатына тартып келген. Ошондой эле мындай деңгээлдеги көркөм чыгарма биздин өлкөдө жок экени белгилүү болду.
Аземге КРнын Вице-премьер-министри А.Маматалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, маданият ишмерлери, сүрөтчүлөр, журналисттер катышат.
Мындан тышкары бул күнү “Улуу ойчул Жусуп Баласагындын кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануусундагы ролу” аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлөт.