Эртең, 11-октябрда Бишкек шаарынын 136 жылдыгы салтанаттуу белгиленет. Бир канча маданий иш-чаралар уюштурулуп, майрамдык маанай тартууланат. Бул күнү кечинде "Ала-Тоо" аянтында кыргыз эстрада ырчылары шаар тургундарын жана конокторду куттуктап, майрамдык концерт беришет. Концерт соңунда көрүүчүлөр 8 мүнөткө созулган фейерверкке күбө болушат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.