Ооганстандагы чек арада кыргызстандыктын жүк ташуучу унаасы кармалып, бир айдан кийин гана кайтарылды

Ооганстандагы Кыргызстандын элчилиги кыргызстандыкка анын жүк ташуучу унаасын кайтарып берүүгө жардам көрсөттү. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, август айынын соңунда Ооганстандын Кундуз аймагындагы “Ширхан-Бандар” көзөмөл-өткөрүүчү жайында КРнын жаранына тийиштүү жүк ташуучу унаа кармалган. Мындан улам жаран аталган министрликке кайрылган.

“Ооганстандагы КРнын элчилиги кыргызстандыкка консулдук-укуктук колдоо катары иш жүргүзүп, унааны камактан чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Анын жыйынтыгында 30-сентябрда унаа ээсине кайтарылган. Андан соң жаран ооган-тажик чек арасынан өтүп, Кыргызстанга жөнөгөн”,- деп билдирди Тышкы иштер министрлиги.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан