"Кызгалдак" балдардын бий ансамбли 2015-жылы Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоонун урматына Орусия менен Беларусь аркылуу өтүүчү Фрунзеде түзүлгөн 385-аткычтар дивизиясынын согуштук жүрүшүнүн маршруту боюнча "Тынчтык жана бейпилдик үчүн" аттуу үгүт бригадасынын курамына чакырылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Ысык-Көл облусунан келген "Кызгалдак" бий ансамблинин репертуарынын бет ачары Жети-Өгүз районундагы Тамга айылында өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ирина Карамушкина, президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов, Беларустун Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Виктор Денисенко, Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, айыл тургундары катышты.
Бий ансамблинин балдары кыргыз, орус, беларусь элдеринин бийлерин бийлешти.
Ансамблдин көркөм жетекчиси Мирбек Маматовдун айтымында, борбор шаардагы профессионалдуу бий топторуна караганда райондордун бий ансамблдери өнүгүүдө чектелип калгандыгын билдирди.