Саламаттыкты сактоо министрлиги: “Кыргызстанда өз жанын кыюуга таасир эткен социалдык-экономикалык абал начар болууда”

Бүгүн, 10-октябрда КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги суицид (өз жанын кыюу) боюнча маалымат таратты.

“Саламаттыкты сактоо боюнча Бүткүл дүйнөлүк уюмдун билдирүүсүнө ылайык, дүйнөдө 450 миллион адам психикалык оору менен жабыркайт. Мындан улам өз жанын кыюу коомдун эң негизги көйгөйлөрүнүн бири болуп саналат. Дүйнө боюнча жыл сайын 400-500 миң адам өз жанын кыйып каза табат. Кыргызстанда да бул маселе курч болууда”,- деп билдирди мекеме.

“Кыргызстанда акыркы жылдары суицидге таасир эткен социалдык-экономикалык абал начар болуп жатат. Өлкөдө психикалык ооруларга кабылган адамдардын саны да өсүп жатат. Мындан тышкары Кыргызстандагы ири психиатриялык ооруканаларда керебеттердин саны 3400дөн 1760ка чейин азайган. Бишкек жана Ош шаарларында психиатриялык бөлмөлөр ачылган жана күндүзгү психологиялык-психикалык борборлор иштейт”,- дейт Саламаттыкты сактоо министрлиги.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан