Бүгүн, 11-октябрда Бишкек шаарынын 136 жылдыгына карата Шаар күнү белгиленип жатат. Бул күнү шаар мэри Кубанычбек Кулматов, Азия оюндарында күмүш медаль тагынган Евгений Ваккер жана жүздөгөн жарандар веложүрүшкө катышышты. Веложүрүш “Ала-Тоо” аянтынан башталды. Катышуучулар Чүй проспекти менен Жаш Гвардия бульварына чейин келип, Москва көчөсүнө көтөрүлүштү. Андан соң сапар Москва көчөсү аркылуу Эркиндик бульварына чейин уланып, эски аянтта жыйынтыкталды. Жалпысынан бул веложүрүштүн катышуучулары 8 чакырым аралыкты басып өтүштү.