Бүгүн, 11-октябрда Бишкекте орусиялык мушкер, бокс боюнча Дүйнөнүн экс-чемпиону, Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Николай Валуев чыгармачылык кечесин өткөрдү. Чогулган күйөрмандарына ал 2 сааттан ашык убакыт бою өзүнүн спорт жаатындагы ийгиликтери, жашоодогу жетишкендиктери, кандай жол менен атактуу болгону тууралуу кенен айтып берди. “Дээрлик даярдыксыз келип, эл алдында болгонун болгондой айтып бердим” деген Н.Валуевге залдан күйөрмандар да суроо узатып жатышты. Андыктан “орусиялык гигант” атка конгон конок өзү тууралуу айтылган анекдотторду түшүнүү менен кабыл аларын, жубайы менен 26 жашында таанышып, 28 жашында үйлөнгөнүн айтты. Андан тышкары боксту кесип катары гана кабыл алып, бирок бул спорт түрүн жеңил атлетика спортундай баалабаганын маалымдады. Жыйынтыгында эл менен сүрөткө түшүп, өзүнүн кечесине келгендерге ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде ага саясат тууралуу кызыгып сурагандар да болду. Бирок анын бул тармак боюнча суралган суроолорго берген жооптору кыска болуп жатты.